Түрк аба жолдору каттамдарын токтотту

Жалпы өлкөдө күтүлгөн ыңгайсыз аба шарттарынан улам бүгүн ички каттамдарда 41, тышкы каттамдарда 10 каттам токтотулду

175859
Түрк аба жолдору каттамдарын токтотту

Стамбулда калың кар жаашынан тулам кээ бир учак каттамдары токтотулду. Жалпы өлкөдө күтүлгөн ыңгайсыз аба шарттарынан улам бүгүн ички каттамдарда 41, тышкы каттамдарда 10 каттам токтотулду. Стамбулдан Анкара, Конья, Кайсери, Газиантеп, Адана, Денизли, Элазыг, Измир жана Аданага жасала турган каттамдар токтотулду.
Тышкы каттамдарда болсо Стамбул менен Тбилиси, Будапешт, Кишинев, Женева жана Тель Авив арасындагы каттамдар токтотулду.
Калың кардын жаашы менен Стамбул жана Анкара башта болуп бир топ шаарда мектептер каникулга чыгышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар