Элчилер конференцясы эртең башталат

Түркиянын аймагында жана дүйнөдө тынчтыкты орнотууну максат кылган ар тараптуу тышкы саясатты бардык өңүттөн каралат.

170665
Элчилер конференцясы эртең башталат

Жетинчи ирет өтө турган элчилер конференциясы эртең 5-январда тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жетекчилигинде башталат. 5 күнгө созула турган жыйналыш, «Жаңы Түркия: тышкы саясатта туруктуулук жана өзгөрүү» сүйлөшүүсүнүн алкагында уюштурулат.
Иш-чара шейиттер көрүстөнү жана Аныткабирге зыярат кылуудан кийин, министр Чавушоглунун түрк тышкы саясатына байланыштуу кайрылуусу менен башталаары күтүлүүдө. Ага жылдагыдай эле Тышкы иштер министрлигинин борбордук уюмунда жана чет өлкөлөрдө кызмат өтөгөн бардык элчилер катышат.
Конференциянын Анкара бөлүмүндө дипломаттар тышкы саясаттагы күн тартибинде турган маселелерди талкуулашат. Вице-премьер, министрлер жана тийиштүү мекемелердин жогорку жетекчилеринин катышуусунда өтө турган диспуттарда тышкы саясат менен таасирлешүүдө болгон ар түрдүү темалар каралат.
Иш-чараны эл аралык өңүттө күчтөндүрүш үчүн жыл сайын болуп келгендей эле быйылкы конференцияга да чет өлкөлүк коноктор чакырылды. Нидерландия, Аргентина жана Нигериянын тышкы иштер министрлери менен Европа Кеңешинин баш катчысы Турбьерн Ягланд, ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова жана БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Антонио Гутеррес элчилерге кайрылышат.
Дипломаттар президент Режеп Таййип Эрдоган, премьер-министр Ахмет Давутоглу жана Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Жемил Чичек тарабынан кабыл алынат.
Элчилер конференциясы баш калаа Анкара менен катар Чанаккале шаарында да уланат.
Чанаккале согушунун 100 жылдыгына карата дипломаттар тышкы иштер министр Чавушоглу менен бирге аталган аймакка зыярат кылышат.
Салтка айланган элчилер конференциясы Түркиянын аймагында жана дүйнөдө тынчтыкты орнотууну максат кылган ар тараптуу тышкы саясаттын бардык өңүттөн каралышын жана таасирдүү чара көрүүнү көздөйт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар