Руссефф экинчи жолу президенттик орундугунда

Руссеффтин ант берүү аземине тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышты

168851
Руссефф экинчи жолу президенттик орундугунда

Бразилияда президенттик шайлоодо экинчи жолу шайланган Дилма Руссефф кечээ салтанат менен ант берип кызматын баштады. Кенен коопсуздук чаралары менен өткөрүлгөн ант берүү аземине Түркиядан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышты. Аземге Бразилия калкы менен бирге дүйнөнүн төрт тарабынан келген басма сөз кызматкерлери да абдан чоң кызыгуу көрсөттү. Руссефф ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө коррупция менен күрөшөрүн, экономикалык өсүүнү ылдамдатарын жана билим берүүдө реформаларды аткарарына убада берди.
Чавушоглу Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел Малики менен жолугушту. Жолугушууда эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун табылуусу жана Палестина территорияларындагы Израиль баскынын соңуна чыгарылуусуна байланыштуу чечим долбоорунун БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан четке кагылуусунан кийин көңүл калуучулук күн тартибине келди. Жолугушууда акыркы болуп Швециянын таануусу менен Палестина мамлекетин тааныган өлкө санынын 135ке жетүүсүнүн бул багытта оң абал экени баса белгиленди.
Министр Чавушоглу Түркиянын Израиль кол салууларына жана эреже бузууларына каршы Палестина мамлекети жана калкы менен жүргүзгөн кызматташтыкты улантарын баса белгиледи. Түркиянын Палестинага карата жардамдарынын улантылып жатканын жана улантыларын белгилеген Чавушоглу ушул алкакта Түркиянын 200 миллион доллар убада кылганын айтты. Тышкы иштер министри Чавушоглу Малинин тышкы иштер, Африка бүтүндөшүүсү жана эл аралык кызматташтык министри Абдулайе Диоп менен да жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда өлкөлөрдүн арасында элчиликтердин ачылышы менен дипломатиялык жана экономикалык карым – катнаштар дагы да өнүккөн жана ушуга караштуу эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн дагы да өстүрүлүүсү керектиги баса белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар