Стамбулга үчүнчү аэропорт
Стамбулдагы үчүнчү аэропорттун курулушу уланып жатат.
161331
Транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Лүтфи Элван Стамбулда салынып жаткан үчүнчү аэропорттун курулуш аянтында иликтөөлөрдү жүргүздү.
Бул жерди журналисттер менен чогуу кыдырган Элван, аймакта пайдубал түптөө иштери уланып жатканын айтты.
Лүтфи Элван карьерден калган чуңкур жерлерде да пайдубалды орнотуу иштери жүргүзүлө турганын жана булар аэропорттун курулушунда кандайдыр бир кечигүүгө себепчи болбой турганын айтты.
Тектеш кабарлар
Түрк аба жолдору 3 жылдан кийин Ооганстанга биринчи каттамын ишке ашырды
Түрк аба жолдорунун учагы Кабул эл аралык аэропортуна конду.