Ахмет Давутоглу Нечирван Барзани менен жолугушту

Ахмет Давутоглу Барзани менен Долмабахчедеги иш алып баруу офисинде жолугушту

153288
Ахмет Давутоглу Нечирван Барзани менен жолугушту

Премьер – министрликтин булактарынан алынган маалыматтарга караганда Давутоглу Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун төрагасы Барзани менен Стамбул Долмабахчедеги премьер – министрлик иш алып баруу офисинде жолугушту. Давутоглу Түндүк Ирактагы азыркы абал тууралуу маалымат алып, конок делегация болсо Түркиянын улантып жаткан колдоосунан улам рахмат айтты.
Ирак жана Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун коопсуздугунун Түркия үчүн маанисин белгилеген Давутоглу Түркиянын кызматташтыгы жана колдоосунун улантыларын белгилеп, ушул алкакта Иракта борбордук өкмөт менен Ирак Аймактык Башкаруусунун ортосунда кызматташтыктын күчтөнүүсүнөн ыраазычылыкты билдирди. Давутоглу Ирактын премьер – министри Хайдар ел – Ибадинин келерки жумада күтүлгөн сапары менен турмушка аша турган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынынын Түркиянын Ирак менен карым – катнаштарында абдан жакшы жыйынтыктарды алып келерине ишенгенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар