Түркия өнүгүп баратат...

Өнүгүү министри Ж.Йылмаз: "Түркия өсүүнү жана киреше бөлүштүрүлүшүндөгү оңолууну бирге алып кетүүдө ийгиликтүү болгон сейрек өлкө"-деди.

149709
Түркия өнүгүп баратат...

Жевдет Йылмаз Түркия Улуу Улуттук Парламентинде бюджет сүйлөшүүлөрүндө сүйлөгөн сөзүндө сапаттуу өсүүнү максаттагандарын белгилеп, менчик сектор инвестиция жана тышкы талаптын өнүгүшү, өнүгүү жана өсүүдөн түшкөн кирешенин бөлүшүлүшү өнүгүү процессинин улантылышы сыяктуу темалардын саясаттарынын негизин түзгөнүн белгиледи.
Түркиянын маанилүү жерге жеткенин, үстүңкү орто киреше тобуна жеткен абалда болгонун түшүндүргөн Йылмаз, 10500 доллардын айланасында киши башына түшкөн кирешенин 13 миң долларга жеткен учурунда жогорку кирешелүү топко кадам таштаган боло тургандарын, муну да орто мөөнөттүү перспективанын ичинде көргөндөрүн белгиледи.
Түркиянын акыркы убактардагы өсүү ылдамдыгынын өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн өсүү ылдамдыгы менен шайкеш болгонун баса белгилеген Йылмаз: «Түркия, өсүү ылдамдыгы мезгилге жараша өзгөрүүсү менен бирге 20 чейректен бери өсүүсүн улантууда»-деди.
Йылмаз кризис мезгилинде бир топ өлкө жумуш орундарын азайтууга аргасыз болсо, Түркия жумуш орундарын арттырганын баса белгиледи.
Өнүгүү министри технологиянын соодага ылайыкташтырылышы жана логистика, саламаттык сактоо, энергиянын түшүмдүүлүгү, суунун үнөмдүү колдонулушу сыяктуу 25 темада кыймыл планын жарыялай тургандарын айтты.
Министр Йылмаз: «Бул жаңы реформа программабыз Түркиянын өсүүсүн келечекке ырааттуу жана сапаттуу түрдө алып барат»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар