Давутоглу Асадды сынга алды

Премьер-министр Сирияда Асаддын өз калкына кыргын салууну тандаганын белгилеп өттү.

148000
Давутоглу Асадды сынга алды

Давутоглу айрым күчтөрдүн аймактагы биримдикке тоскоол болуп жатканын айтты.
Аданада өнөр жайчыларга кайрылган премьер-министр Сирияда Башар Асаддын Түркия менен бирге демократия жолунда алга жылуунун ордуна өз калкына кыргын салууну тандаганын белгилеп өттү.
«Лидерлик жөндөмдүүлүгүнө ээ болбогон айрым мамлекеттик ишмерлер жол ачкан апааттардын эң опурталдуу, эң жаман мисалы тилекке каршы Сирияда орун алды»,-деген Давутоглу, бардык аракеттерди жана жардамдарды Башар Асад көрмөксөнгө салып жатканын кошумчалады. Бул жагдайга өкүнгөнүн белгилеген Өкмөт башчы: «Сирияда жарандык согуш баштала электе Түркия, Иордания, Ливан жана Сириянын ортосунда төрттүк «Левант» биримдигин куруп жатканбыз. Бирок ага тоскоол болгондор чыкты. Айрымдар Жакынкы Чыгышта кан төгүлүп турушун каалады. Алар биз көксөгөн чек аралар урматталган, бирок экономикалык жактан бириккен Жакынкы Чыгыш пикирин, Түркия жол башчылык кылган пикирди жоюуга аракет кылышты, көрүп турасыздар кандай абалга келди»,-деди Давутоглу.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар