Анкара Италиянын премьер – министри Маттео Ренцини тосуп алды

Италиянын премьер – министри Маттео Ренци Анкара жолугушууларынан кийин бүгүн боло турган Түркия – Италия иш форумуна катышуу үчүн Стамбулга барат

145474
Анкара Италиянын премьер – министри Маттео Ренцини тосуп алды

Борбор шаарда кечээ биринчи болуп мавзолейди зыярат кылган Маттео Ренци андан кийин премьер – министр Ахмет Давутоглу тарабынан расмий салтанат менен тосулуп алынды. Жекеме – жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин эки лидер маалымат беришти. Премьер – министр Давутоглу : «Түркия жана Италия эки дос союздаш өлкө катары абдан бай күн тартибинде бир перспективага ээ. Алдыбыздагы жылдарда бул кызматташтыктын эки калкка жана Жер Ортолук деңизи менен Европага, эл аралык тынчтыкка салымын кошоруна ишеничибиз чоң»,- деди.
Өкмөттөр аралык орток кабинет жыйыны түрүндө бир механизм башташкандарын эске салган Давутоглу бул жыйындардын үчүнчүсүн да Түркияда өткөрүүнү пландашкандарын айтты.
Аймактык маселелердин негизинде өзгөчө Ливия маселесинин сүйлөшүүлөрүндө маанилүү күн тартип беренесин түзгөнүн айткан Давутоглу : «Ливиядагы тынчтык жана ырааттуулук Түркия үчүн, Италия үчүн, Жер Ортолук деңизи үчүн абдан маанилүү»,- деди.
Италиянын премьер – министри Ренци да Түркиянын Европа Биримдиги процессине байланыштуу : «Европа Биримдигинин Түркияга каалгаларын дагы чечкиндүү түрдө ачуусу үчүн аракетибизди улантабыз»,- деди.
Чоң жыйырмалардын кезектешкен башкаруучулугунан улам Түркияны кутуктаган Ренци Түркиянын кезектешкен башкаруучулугу процессинде инвестициялар жана өнүгүү тууралуу абдан чоң ийгиликтерге жетишерине ишенгенин айтты. Ренци Ливияда диалогдун башталышы үчүн бардык аракеттерди жумшоого мажбур экендерин жана Ливияда жана Сирияда тараптардын структуралык диалог ичинде болушуна мүмкүнчүлүк түзүү керектигин айтты.
Андан кийин президент Р. Т. Эрдоган тарабынан кабыл алынган Италиянын премьер – министри премьер – министр Давутоглу менен кечки тамакта кайрадан жолугушту.
Италиянын премьер – министри Маттео Ренци Анкара жолугушууларынан кийин бүгүн боло турган Түркия – Италия иш форумуна катышуу үчүн Стамбулга барат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар