Давутоглу Грецияда

Давутоглу кезеги менен Грециянын президенти Каролос Папуляс жана премьер – министр Антонис Самарас менен жолугушат

138490
Давутоглу Грецияда

Түркия – Греция Жогорку мартабалуу кызматташтык кеңешинин үчүнчү мезгилдик жыйыны Грециянын борбор шаары Афинада башталууда. Премьер – министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигиндеги түрк делегациясы Афинада жолугушууларын баштады. Эки күнгө созула турган жыйындарда энергетикадан туризмге, банктык сектордон финансыга чейин бир топ тармакта бири бирине карата кызматташтык мүмкүнчүлүгү сөз болот. Премьер – министр Ахмет Давутоглу жана коштоосундагы делегация Афинада өткөрүлгөн салтанат менен тосулуп алынды. Давутоглу кезеги менен Грециянын президенти Каролос Папуляс жана премьер – министр Антонис Самарас менен жолугушат. Жолугушуулардан кийин иш форуму өткөрүлөт. Премьер – министр Давутоглу жана министрлер кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды да ишке ашырат. Премьер – министрлердин өткөрө турган эки тараптуу сүйлөшүүлөрүндө негизги күн тартип беренесинин экономика менен бирге Чыгыш Жер Ортолук деңизде болгон абалдар, Кипр жана Батыш Фракия түрктөрүнүн абалы болушу күтүлүүдө. Делегацияда орун алган ишкерлер жана бюрократтар да бири бирине карата кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышат. Жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн премьер – министри биргелеше пресс – жыйын өткөрүшөт. Давутоглу Грециядагы түрктөрдүн өкүлдөрүн жана Афинада жашаган Түркия тектүү рум азчылыгынын өкүлдөрүн кабыл алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар