Зеугма зыяратчылары күн сайын көбөйүүдө

«Цыган кызы» мозаикасына кызыгуу абдан чоң

137244
Зеугма зыяратчылары күн сайын көбөйүүдө

Газиантептеги Зеугма байыркы шаарында жасалган казуу иштеринде ортого чыгарылган «Цыган кызы» мозаикасы туристтердин кызыгуусун тартууда. Чачынын өрүлүшү жана жаак сөөгүнөн улам «Цыган кызы» деп аталган мозаика да коюлган дүйнөнүн эң чоң мозаика музейин «Зеугма» ачылган күндөн бери 600 миңден ашуун киши кыдырды. Расмий ачылышы 2011 - жылы 9 - сентябрда ишке ашкан 25 миңи жабык болуу менен 30 миң метр квадраттык аянтта курулган Зеугма мозаика музейинде цыган кызы, Марс айкели, Рим мезгилине таандык суу түтүктөрү жана Эфрат дарыясынын жакындарындагы виллаларда табылган мозаикалар көргөзмөгө коюлган. Кыска убакта шаардын символу болгон музейдин зыяратчы саны да күн өткөн сайын көбөйүүдө. Ачылган күндөн бери тосуп алган зыяратчы саны 610 миңге жеткен музей 179 миң 193 киши менен эң көп өткөн жылы зыярат кылынды. Бул жыл артта калган 11 айда болсо 198 миң 317 киши келген музей азыртадан эң көп зыяратчы санына жетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар