Түркия менен Азербайжан биргелеше спутник чыгарууну пландоодо

Азербайжан менен Түркиянын ортосунда орток спутник долбоорунун да күн тартибине коюлганы белгиленди.

137005
Түркия менен Азербайжан биргелеше спутник чыгарууну пландоодо


Карадеңиз экономикалык кызматташтык уюмунун илим жана технология министрлеринин жыйыны кечээ Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлдү.
Жыйында мүчө өлкөлөрдүн илим жана технология тармагында 4 жылдык кыймыл планы кабыл алынды.
Илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык жыйын тууралуу ТРТга маалымат берди.
Фикри Ышык изилдөөчүлөрдүн кызматташуусун арттыруу, изилдөөчү алмашуу, окуучу алмашуу, университеттердин өз ара кызматташуусун өнүктүргөн декларация жарыялагандарын айтты.
Министр Ышык Бакудагы жолугушуулары убагында Азербайжан менен Түркиянын ортосунда орток спутник долбоорунун да күн тартибине коюлганын белгиледи.
Түркия менен Азербайжандын биргелеше спутник чыгарууну каалагандарын белгилеген Фикри Ышык Бакудагы айрым ишканаларды кыдырып, Азербайжандын мамлекеттик нефть компаниясынын жетекчиси Ровнаг Абдуллаев менен да жолукту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар