Премьер-министр алеви лидерлер менен жолукту

Премьер-министри Ахмет Давутоглу ар кимдин эмпатия менен мамиле кылышы керектигин белгилеп өттү.

135475
Премьер-министр алеви лидерлер менен жолукту

Өкмөт Алевилик иш-чараларын кайрадан карай баштады.
Түркия Республикасынын Премьер-министри Ахмет Давутоглу Хажыбекташ жана Тунжели сапарларынан кийин алевиликтин алдыңкы кишилери менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйналышка эмгек жана социалдык коопсуздук министри Фарук Челик менен алеви аксакалдары, академиктер жана мурда саясатчы болгон ысымдардан турган 19 кишилик топ катышты.
Расмий үйдө болгон жыйналышта алевилердин талаптары менен алевилик иш-чараларынын алкагында мындан кийин жасала тургандар каралды.
Алевилердин дин маданияты жана ахлак маалыматы сабактары, дин иштери башкармалыгынын структурасынын өзгөртүлүшү жана Жемевлери менен Деделердин абалдарына байланыштуу талаптары бар.
Давутоглу жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө: «Урмат сыйыбызды коргой алсак, маанилүү кадамдарды таштай алабыз. Бардыгыбыз эмпатия менен мамиле кылышыбыз керек»-деп айтты.
«Чечим табуу процесси менен кошо, бүткүл бул процесстерде эч качан добуш эсебин кылган жокпуз»-деген Давутоглу, алеви ислам маданиятынын жашатылышы жана тең атуулдук укуктарына токтолду.
Премьер-министрликтин маалымат борбору жыйналышка катыша тургандардын өткөн апта чакырылгандарын баса белгиледи.
Айрыкча катышкандардын дагы көп сөз алуулары үчүн жыйналыш чакан чөйрөдө өткөрүлгөнүн, ар башка бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен ар башка жыйналыштардын өткөрүлө турганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар