Зейбекчи сооданы күчтөндүрүү келишими тууралуу маалымат берди
Зейбекчи : "Түркия менен Орусиянын ортосунда тарыхый келишим болду"
Экономика министри Нихат Зейбекчи Орусиянын президенти В. Путиндин Түркия сапарында кол коюлган сооданы күчтөндүрүү келишими тууралуу кенен маалымат берди. Экономика министри келишимдин бир топ алгычкыларды камтуусу жактан тарыхый мүнөзгө ээ экенин баса белгиледи. Зейбекчи Кожаели соода кабинетинин башкаруу кеңешин кабыл алууда сөз сүйлөдү.
Түркия менен Орусиянын потенциалдарын эң жогорку деңгээлде ортого салуу үчүн түзүлгөн келишимде эркин соода келишиминин сөз болгонун баса белгилеген Зейбекчи келишимдин ичинде биринчи жолу жазуу түрүндө улуттук акчалардын колдонулуусунун орун алганын айтты. Зейбекчи айрыкча биринчи жолу Орусияда, Түркияда жана үчүнчү өлкөлөрдөгү инвестициялар үчүн биргелеше орус жана түрк инвестиция финансысы тууралуу сөз болгонун баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө маалымат берилди.