Путиндин Түркиядагы жолугушуулары

Владимир Путин Түркиянын өлкөсүнөн сатып алган жаратылыш газ бааларында 6 пайыздык арзандатуу боло турганын жарыялады.

211001
Путиндин Түркиядагы жолугушуулары

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 10 министри менен Түркияга келди.
Эрдоган Путин менен жолугушуусунда эки тараптуу карым-катнаштар, энергетика тармагындагы кызматташтыктын арттырылышы, Сирия жана Ирактагы абалдар каралды.
Энергетика тармагында Түркия жана Орусия «Түштүк агым» проекти темасында алдын ала макулдашууга жетишти. Жаңы кадамдар да ташталат.
Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, Түркиянын өлкөсүнөн сатып алган жаратылыш газ бааларында 6 пайыздык арзандатуу боло турганын жарыялады.
Ушул алкакта сатуу көлөмү да 3 миллиард метр кубга көбөйөт.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Сирия темасында ар башка мамиледе болгондорун, бирок негизининен чечим табылышы жагынан макулдашкандарын белгиледи.
Террор менен күрөшүүдө биргелешкен мамиленин өнүктүрүлүшү керектигин белгилеген Эрдоган, 300 миң кишинин Асад мезгилинде каза болгонун, Сирия маселесине диний агым жагынан каралбашы керектигин баса белгиледи.
Эрдоган айрыкча террор менен күрөшүү темасында Орусия жана Иран менен кызматташуу мүмкүн экендигин белгиледи.
Сириядагы баш аламандыкка уруксат бербөө темасында Түркия менен бирдей пикирде болгондорун айткан Путин болсо, «Иракта болгону сыяктуу террордук уюмдардын аймакты басып алышына каршыбыз»-деп айтты.
Путиндин премьер-министр Ахмет Давутоглу менен болгон жолугушуусунда Давутоглу, Түркия менен Орусиянын карым-катнаштарынын тарыхый мааниси болгонун жана келечекке да үлгү боло турганын белгилеп өттү.
Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин да: «Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу мамилебиз ар башка болушу мүмкүн, ал эми өз ара кызыкчылыктарыбыз ушунчалык терең болгондуктан кызматташуудан башка аргабыз жок»-деди.
Жолугушууларын бүтүргөн Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиядан кайтып кетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар