Жаңы Түркия жолунда...

Давутоглу телеканалдарда чыккан «Жаңы Түркия жолунда» аттуу программадагы сөзүндө маанилүү маалыматтарды берди.

210447
Жаңы Түркия жолунда...

Түркия Республикасынын Премьер-министри Ахмет Давутоглу Түркиянын өз аймагында камалып калбагыдай чоң өлкө болгонун белгиледи жана «Түркия өзүнүн ырааттуулук жана тынчтыгын аймактагы өлкөлөргө чагылдыргыдай күч-кудретке ээ»,-деди.
Давутоглу телеканалдарда чыккан «Жаңы Түркия жолунда» аттуу программадагы сөзүндө маанилүү маалыматтарды берди.
Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу ички коопсуздук реформасы менен бюрократиялык процедураларга төңкөрүш мүнөзүндөгү жеңилдиктер алынып келингенине көңүл бурду жана коопсуздук эркиндик тең салмактуулугунда жаңы көз караштын өнүктүрүлгөнүн белгиледи.
Давутоглу 12-ноябрда жарыяланган "Иш коопсуздугу" пакетинин маанисин баса белгилеп, «Эми бул темага да кийлигишүүнүн убагы келди жана ишке ашырабыз»,-деди.
Уланып жаткан өлкө ичиндеги сапарларынан сөз кылган Давутоглу террордун соңуна чыгарылышы үчүн чечим табуу процессинде чечкиндүүлүктү билдирди.
Давутоглу: «Түркиянын бардык жеринде демократияны, улуттук эркти эгемен кылуу күрөшүбүздү улантабыз»,-деди.
Алеви жөрөлгөсүнө да токтолгон Давутоглу жаңы Түркиянын негиздеринин туугандык, орток тарых жана эркиндик аң-сезиминин чөйрөсүндө формалана турганын сөз кылды.
Давутоглу сөзүндө Иракта аткарган жолугушууларына да орун берди.
Түркия-Ирак карым-катнаштарынын жаңы мезгилге киргенин сөз кылган Давутоглу, эки өлкөнүн ортосунда болуп жаткан конюктуралык кыйынчылыктардын ары жагында эзелтен бери келе жаткан достук байланышы бар экенин белгилеп өттү.
Бүгүндөн баштап Түркиянын Чоң жыйырмалыктын кезектешкен төрагалыгын милдетене турганын эске салган Давутоглу, глобалдык экономиканын күрөө тамыры бир жыл бою Түркиядан өтө турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар