Путин Түркияга келди

Жолугушуулардын башкы темасы энергетика проекттери болот...

210535
Путин Түркияга келди

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бир күндүк сапар менен Түркияга келди.
Путин Анкарада эң оболу Ататүрктүн мавзолейи Аныткабырга зыярат кылат.
Владимир Путин президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан президенттик сарайда расмий азем менен тосулат.
Эки лидер Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 5-жыйынына катышат.
Путиндин кабинетинен көп сандаган министр менен бирге жасай турган сапарда эки өлкөнүн 35 миллиард доллардык соода көлөмөнүн 2020-жылга чейин 100 миллиард долларга жеткирилишине токтолушат.
Жолугушуулардын башкы темасы энергетика проекттери болот...
Түркия жыл сайын каржылаган 50 миллиард метр кубдук жаратылыш газдын жарымын Орусиядан сатып алат.
Ушул себептен Анкара жана Москванын ортосунда бир топтон бери жаратылыш газ баасы боюнча соодалашуу жүрүп келе жатат.
Анда Түркия 1-январдан тарта арзан баада жаратылыш газ ала алабы?
Бул суроонун жообу да дал ушул сапарда такталат.
Буга кошумча БОТАШ жана ГАЗПРОМ Көгүлтүр агым проектинен келген жаратылыш газдын көлөмүнүн 16 миллиард метр кубдан 19 миллиард метр кубга жеткирилиши үчүн бир топтон бери сүйлөшүп жатат...
Көгүлтүр агым менен катар Аккую атомдук станция проектиндеги акыркы абалга да баа берилет.
Эки өлкөнүн карым-катнаштары мененк катар Украина жана Сирия маселелери да каралат.
Жолугушуулардан кийин президент Эрдоган жана Орус кесиптеши Путин биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт.
Президент Эрдоган Путиндин урматына расмий кечки тамагын берет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар