Путин Түркияга келет

Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынында Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар кеңири түрдө каралат.

204757
Путин Түркияга келет


Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Түркия Республикасы менен Орусия Федерациясынын жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 5-жыйынына катышуу үчүн Түркияга келет.
Президенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей Түркия Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосунда 2010-жылдын май айында түзүлгөн Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 5-жыйыны 1-декабрда Түркияда өткөрүлөт.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жетекчилигинде, эки өлкөнүн тийиштүү министрлеринин да катышуусу менен өтө турган Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынында Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар кеңири түрдө каралат.
Жыйында өзгөчө эки өлкөнү кызыктырган негизги аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар