Папа Франциск Түркияга келет

Папанын сапары 28-ноябрда башталат.

204099
Папа Франциск  Түркияга келет

Католик дүйнөсүнүн диний лидери Папа Франциск 28-30-ноябрь күндөрүнүн арасында Түркияга келет.
Стамбулда өткөрүлгөн жыйында тарыхый сапар тууралуу кеңири маалымат берилди.
Стамбулдагы рим католик эпискобу Луис Пелатре бул сапар диндердин ортосундагы мамилеге чоң салымын кошо турганына ишенгендерин айтты.
Папа Франциск Түркияга үч күндүк сапарын 28-ноябрда баштайт. Алгачкы бекети Анкара болот.
Эсенбога аэропортунан салтанаттуу түрдө тосулуп алына турган Папа Түркиянын дин иштери боюнча министри Мехмет Гөрмез менен жолугушат. Ал эми сапарынын экинчи күнүндө Стамбулда болот.
Аясофия музейи менен Султанахмет мечитин кыдыра турган Папа, Шишлидеги Сент-Эспри католик чиркөөсүндөгү сыйынуу аземин башкарат. Ал ушул эле күнү Фенер Рум патриархы Варфоломей менен жолугат.
Жолугушууда православ дүйнөсүнө байланыштуу маселелердин каралышы күтүлүүдө.
Папа сапарынын акыркы күнүндө болсо патриархиянын түзүлгөндүгүнө байланыштуу аземге катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар