Давутоглу: "Энергетика курал сыяктуу колдонулбасын"

Давутоглу энергетика жана экономика тууралуу жыйында сөз сүйлөдү.

202335
Давутоглу: "Энергетика курал сыяктуу колдонулбасын"

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Кипрдын Рум бөлүгүнүн энергетика саясатын сынга алып: «Мен энергетиканы колго алайын, каршы тарапты көндүрөйүн делген болсо бул Кипр сүйлөшүүлөрүнө абдан чоң сокку урган болот»,-деди.
Стамбулда АКШнын вице-президенти Жо Байден да катышкан Атлантика кеңешинин энергетика жана экономика саммитинин бешинчисинин жабылыш жыйынында энергетиканын көзүр катары колдонулбашы керек экендиги алдыга коюлду.
Давутоглу: «Кипр түрктөрүнүн да укугу болгон энергетика булактарын Рум тарабы бир жактуу түрдө колдонуп дүйнөлүк базарларга чыгаргысы келсе, биз да ошол эле жерлер боюнча Кипр түрктөрү менен келишим түзүп, ал жерде биз да ошондой укукту колдонобуз»,-деп айтты.
Ирактагы жолугушууларынан да сөз кылган Давутоглу: «Эч ким бизге ушундай өскөн экономика менен «сиз Анкарада отуруңуз, Ирактагы энергия булактары да таштанды болуп калсын, келишим да түзбөңүз. Өз арасындагы келишпестик 50 жылга созулсун, күтүңүз»-дей албайт»,-деп түшүндүрдү.
Премьер-министр Давутоглу энергетика темасы аркылуу Арменияга да кайрылды.
Түркия, Азербайжан жана Грузияда тынчтык жана өнүгүү проекти катары Баку-Тбилиси-Жейхан жаратылыш газ түтүк жолу күчтөнүп жатканда, Армениянын ушул бардык экономикалык иш-чаралардын тышында калганын баса белгилеген Давутоглу: «Анткени Армения өжөрдөнүү менен Азербайжандын жеринин 20 пайызын басып алып чыкпай турат. Тез арада тынчтыкка кайталы»,-деди.
Түркиянын энергетика жолу үчүн абдан маанилүү өлкө болгонун белгилеген Жо Байден болсо, энергетиканын курал сыяктуу колдонулушуна каршы чыккандарын баса белгиледи.
Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти Жо Байден Украинада болуп жаткан жаратылыш газ кризисин мисал көрсөтүп Европа өлкөлөрүнө энергия булактарын түрлөнтүү чакырыгын салды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар