Стамбул маанилүү конокту тосуп алды

Байден жолугушууларынын биринчи күнүндө премьер – министр Ахмет Давутоглу жолугушту

201475
Стамбул маанилүү конокту тосуп алды

АКШнын вице – президенти Жо Байден үч күндүк сапар менен Стамбулга келди. Байден жолугушууларынын биринчи күнүндө премьер – министр Ахмет Давутоглу менен Долмабахчедеги иш алып баруу офисинде тамакта жолугушту. Жолугушуудан мурда премьер – министр Давутоглу жана Байден биргелешкен пресс – жыйын өткөрүштү. Премьер – министр Давутоглу эки өлкөнүн карым – катнаштарынын тектүү экенин билдирди. Түркиянын жана АКШнын кризис болгон аймактарына карата мамилеси жана кризистердин чечилүүсүндө абдан маанилүү фактор экенин белгилеген Давутоглу эки өлкөнүн акыркы мезгилде өзгөчө Сирия жана Иракта ИШИМ террордук уюмуна каршы жүргүзүлө турган күрөш жана Сирияда режимдин иштеген кылмыштары тууралуу жакын бир байланыш жана кызматташтыктын ичинде экенин белгиледи. Давутоглу Байдендин бул сапарынын дагы кенен түрдө кеңешүү үчүн ылайыктуу пайдубал түзгөнүн баса белгиледи. Түркияда болуудан бактылуу экенин айткан Жо Байден да : «Биз бири бирибизге ишенебиз»,- деди. Байден эки өлкөнүн Босния жана Косовадагы биргелеше аткарылган иштерге көңүл буруп : «Аймактык жана улуттук темаларда бирдикте иштедик, аскердик ортоктугубуз абдан күчтүү жана бири бирибизге ишенебиз»,- деди. Жо Байден президент Р. Т. Эрдоган менен да жолугушат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар