Давутоглу Иракка расмий сапар жасайт

Давутоглунун сапарында эки тараптуу карым-катнаштар, энергетика жана энергетика коопсуздугу каралат.

195312
Давутоглу Иракка расмий сапар жасайт

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибадинин чакыруусу боюнча 20-21-ноябрда Иракка расмий сапар жасайт.
Сапарда эки тараптуу карым-катнаштар, энергетика жана энергетика коопсуздугу каралат.
Давутоглунун жолугушууларында ИШИМ баш болгон эл аралык террор менен күрөшүү маселелери да маанилүү тема болот.
Премьер-министр Давутоглу сапары убагында премьер-минстр Хайдар аль-Ибади, Ирактын президенти Фуад Масум жана Ирактын парламент төрагасы Селим аль-Жабури менен жолугушуусу пландалууда.
Давутоглу сапары убагында түркмөн эл өкүлдөрү менен да өзүнчө жолугушуу өткөрөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар