Мали парламентинин делегациясы Анкарада

Жемил ЧичекИсака Сидибе жана коштоосундагы делегацияны тосуп алды

194660
 Мали парламентинин делегациясы Анкарада

Парламенттин спикери Жемил Чичек Батыш Африка өлкөлөрүнөн Мали Улуттук Парламентинин парламент спикери Исака Сидибе жана коштоосундагы делегацияны тосуп алды. 

Африка өлкөлөрүнүн жеринин бүтүндүгүнө жана ички ырааттуулугуна маани беришекендерин белгилеген Чичек Африка иш аракеттерине токтолду. Чичек буларды айтты : "Биз сиздер менен жана башка дос Африка өлкөлөрү менен карым - катнаштарыбызды бири бирибизге пайда алып келе тургандай негиздин алкагында өнүктүрүүнү каалайбыз. Африкада эң башта да сиздердин өлкөңүздөрдө экономикалык жана социалдык өнүгүүлөргө жардам берүү биздин Африка иш аракетибизде байкаган жагдайлардын башында турат".  Мали Улуттук Парламентинин  спикери Сидибе  болсо ТИКАнын Батыш Африкада таза суу үчүн ачкан кудуктарды эске салып, ТИКАнын өлкөлөрүндөгү иш аракетерине абдан чоң маани бергенин баса белгилеген.  Парламенттин спикери Жемил Чичек да Малиге ТИКАнын арачылыгы менен берилген жардамдардын улантыларын белгиледи. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар