Ахыска сүргүнүнөн бери 70 жыл өттү
Сүргүндүн 70 жылдыгында өткөрүлгөн симпозиумда шейит болгон Ахыска түрктөрү эскерилди.
Симпозиумга катышкан вице – премьер Нуман Куртулмуш : «Ахыска биздин чоң маданий аймагыбыздын табигый бир бөлүгү»,- деди. «Ахыска түрктөрү Эл аралык симпозиуму» Чорумда башталды. Симпозиумдун биринич отурмуна вице – премьер Нуман Куртулмуш да катышты. Нуман Куртулмуш Түркия катары дүйнөдөгү бардык жапа чеккендердин укуктарын жактоону улантышарын белгиледи. Дүйнөлүк Ахыска түрктөрүнүн башчысы профессор Зиятдин Исмиханоглу Кассанов да биримдикке басым жасады. Симпозиум менен Экинчи Дүйнөлүк согушу учурунда сүргүнгө айдалган Ахыска түрктөрүнүн улуттук жана маданий кимдиктеринин сакталуусу жана маданий тармакта колдоого алынуусу максат кылынууда. Симпозиумга Түркия менен бирге Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Орусиядан илимпоздор менен саясатчылар катышты. Хитит университетинде өткөрүлгөн симпозиум бүгүн аяктайт.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.