Эрдогандан Израилге катуу каршылык

Эрдоган : «Месжид - и Акса палестиналыктардын эле эмес, бүткүл дүйнө мусулмандарынын кыбыласы",- деди

185170
Эрдогандан Израилге катуу каршылык

Президент Эрдоган Израилдин Месжид – и Акса кол салуусуна катуу каршылык көрсөттү. Эрдоган кечээ Түркмөнстанда жасаган билдирүүсүндө Месжид – и Аксанын өрттөлгөнүн Кураандын жерлерде жатканын белгилеп : «Месжид - и Акса палестиналыктардын эле эмес, бүткүл дүйнө мусулмандарынын кыбыласы. Бул жол туура эмес. Алардын ыбадат кылуучу жерлерине ушундай кол салына турган болсо эмне дешмек»,- деди.
Түркиянын мамилесинин Израиль калкына эмес Израиль башкаруусуна каршы экенин айткан президент : «Израиль башкаруусу мындай кыймылды токтотуусу керек. Себеби Месжид – и Аксага каршы жасалган кыймыл эч качан кечириле албайт»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар