Чавушоглу Украинага барат

Чавушоглу Тарас Шевченко университетинде конференция берет

185462
Чавушоглу Украинага барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия – Украина жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин астыңкы органы болгон Биргелешкен Стратегиялык Пландоо группасынын 3 – жыйынына катышуу үчүн 10 - ноябрда Украинага барат. Министрликтен жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта Чавушоглу жана украиналык кесиптеши Павло Климкиндин кош төрагалыгында ишке аша турган жыйында Украина менен эки тараптуу карым – катнаштар бардык тарабынан каралуусу жана жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнүн каралуусу, Крым татар түрктөрүнүн абалы менен Украианын чыгышында акыркы мезгилде болгон абалдар башта болуу менен аймактык жана эл аралык темаларга байланыштуу пикир алышууларда болору белгиленди. Маалыматта Чавушоглунун сапарынын негизинде Украинанын президенти Петро Парашенко тарабынан кабыл алынуусу жана Крым татар түрктөрүнүн лидерлери менен жолугушуусунун күтүлгөнү белгиленди. Айрыкча Чавушоглунун Киев Улуттук Тарас Шевченко университетинде түрк тышкы саясаты, Украина кризиси жана Түркия – Украина карым катнаштарына байланыштуу конференция берип, төрагалыгын элчи Эртугрул Апакан аткарган ЕККУнун атайын байкоочу миссиясына баруусу да күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар