Давутоглу пешмергенин Түркиядан өтө турганын билдирди

Давутоглу пешмерге менен тылдык жана гуманитардык жардам максаттуу кызматташуу жасала турганын айтты.

166746
Давутоглу пешмергенин Түркиядан өтө турганын билдирди

Премьер-министр Ахмет Давутоглу ИШИМ менен күрөшүү темасында күрт пешмерге күчтөрүнүн Түркия аркылуу Ирактан Сирияга өтүүсү темасындагы көз караштары уланганын белгилеп, азырынча өтүүлөр баштала электигин айтты.
ИШИМ менен күрөшүү темасында Сириянын Кобани районунда ар түрдүү жардамды жасагандарын жана жасашын да уланта тургандарын баса белгилеген Давутоглу, уруксат документинин мазмунун жана эл аралык коалиция менен БУУнун токтомунун алкагында келип чыккан укуктук абалга баа берип, Кобанидеги зыяндарды жоюу үчүн айрым элементтердин Кобаниге кириши темасында да гуманитардык жана тылдык максаттуу сүйлөшүүлөрдүн уланганын белгиледи.
Жолугушуулардын алкагында керектүү кадамдардын таштала турганын баса белгилеген Давутоглу, «Мындай түрдөгү темаларда коопсуздук элементи сөз болгону үчүн багыт жана сан сыяктуу маалыматтардын бөлүшүлүшү туура болбойт»-деди.
Давутоглу: «Ал эми муну айта кетейин, Түркияда акыркы мезгилде кан көлдөткүсү келген, шаарларыбызды өртөп кыйраткысы келген жана ушул сыяктуу кыймылдарды кылган ПКК же буга окшогон элементтердин Түркия чек арасынан ал жерге өтүшү эч качан мүмкүн эмес. Пешмерге болсо Ирактын конституциясында белгиленген бир түзүлүш. Бул темада тылдык жана гуманитардык жардам кызматташтыгы жасала алат»,-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар