Эрдоган Латвия жана Эстонияга барат

Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси менен катар эки тараптуу саясий, экономикалык, соода жана маданий карым-катнаштардын каралышы күтүлүүдө.

164569
Эрдоган Латвия жана Эстонияга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Латвия жана Эстонияга иш сапары менен барат.
Президент Эрдоган 22-23-октябрда Латвияга, 23-24-октябрда болсо Эстонияга сапар жасайт.
Сапар убагында Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси менен катар эки тараптуу саясий, экономикалык, соода жана маданий карым-катнаштардын каралышы күтүлүүдө.
Сапардын алкагында өзгөчө аймактык жана эл аралык темаларда да пикир алмашылышы көздөлүүдө.
Президенттиктин билдирүүсүндө, Латвия жана Эстония менен жүргүзүлгөн жакшы алакалардын негизинде Эрдогандын кесиптештери менен жолугуша турганы бегиленди.
Билдирүүдө бул сапарлар Түркиянын Балтика өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштарынын эң жогорку деңгээлде жүргүзүлүүсүнө карата орток эрктин бир көрсөткүчү экени белгиленди.
Президент Эрдогандын 24-октябрда Түркияга кайтып келиши күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар