Президент Эрдоган Афганстанда

Эрдоган борбор шаар Кабулда Афганстандын жаңы президенти Эшреф Гани тарабынан расмий салтанат менен тосулуп алынат

161765
Президент Эрдоган Афганстанда



Президент Эрдоган үчүн биринчи болуп президенттик сарайында расмий тосуп алуу салтанаты өткөрүлдү. Расмий тосуп алуу салтанатынан кийин президент Эрдоган менен кесиптеши Гани жекеме – жеке жолугушууга өттү.
Ошол эле учурда делегациялар аралык жолугушуулар да улантылууда. Жолугушуулардан кийин эки лидер биргелеш пресс – жыйын өткөрөт. Лидерлер андан кийин иш алып баруу тамагында жолугушат. Президентти Афганстан сапарында вице – премьер Нуман Куртулмуш, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана табигый ресурстар министри Танер Йылдыз да коштойт. Президент Эрдоган Афганстан аткаруу делегациясынын төрагасы Абдуллах Абдуллахты да кабыл алат. Жолугушуулары учурунда Афганстандын президентинин биринчи орун басары Рашид Достум менен да жолугуша турган президент Эрдоган андан кийин Доган казармасына барат. Президент бул жерде кызмат кылган кызматкерлерге кайрылат. Президент Эрдогандын кечки сааттарда Стамбулга кайтып келүүсү күтүлүүдө.



 

 

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар