Чечүүчү жол проектиси абдан маанилүү проекти

Давутоглу процессти жакындан иликтегендердин бул тууралуу жоопкерчиликтерин абдан жакындан иликтегенин белгиледи.

161721
Чечүүчү жол проектиси абдан маанилүү проекти

Премьер – министр Ахмет Давутоглу кечээ менчик телекөрсөтүү каналында күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди. Террордун соңуна чыгуусу үчүн жүргүзүлгөн чечүүчү жол процесси тууралуу абалдарга баа берген Давутоглу процессти жакындан иликтегендердин бул тууралуу жоопкерчиликтерин абдан жакындан иликтегенин белгиледи.
Чечүүчү жол процессинин Түркиянын абдан маанилүү проектиси экенин баса белгилешкендерин айткан Давутоглу : «Жакынкы Чыгышта болуп жаткан баш – аламандыктардын ичинде бир гана ийгиликтин баяны. Бул проекти толугу менен жергиликтүү жана толугу менен бул калктын эрки менен ортого чыкты жана өкмөт бул калктын эркине багыт берди»,- деди. Премьер – министр чечүүчү жол процессин оболу күрт жарандарга аманатка калтырышкандарын белгилеп : «Процесске алар ээ чыгып, биз бул жолго ар түрдүү жыйынтыктарга көңүл буруу менен кирдик»,- деди. Давутоглу Сириядагы окуялар тууралуу да маселенин Кобани менен чектүү эмес экенин, кенен масштабдуу бир пландын түзүлүшү керектигин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар