«Statoil» компаниясы акцияларын «Petronas» компаниясына сатты
Келишимдин жалпы наркы 2 жарым миллиард АКШ доллары...
155711
Норвегиянын «Statoil» компаниясы «Шахдениз» жана «Түштүк Кавказ жаратылыш газы» долбоорундагы акцияларын өткөрүп берди.
Бул ишкана 15,5 пайыздык акциясын Малайзиянын «Petronas» компаниясына сатканын билдирди.
Келишимдин жалпы наркы 2 жарым миллиард АКШ доллары...
Эки өкмөттүн тең жооптууларынын келишимди 2015-жылы бекитиши күтүлүүдө.
«Шахдениз» проекттинде Англиядан BPнын 28,8 пайыз, Азербайжандан SOCARдын 16,7 пайыз, Орусиядан Lokoilдин 10 пайыз, Түркиядан ТРАОнун 19 пайыз, Норвегиядан Statoilдин 15,5 пайыздык акциясы бар.