Чавушоглу кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Чавушоглу кесиптештерине аймактагы коопсуздук коркунучтары жана учурдагы маселелер тууралуу маалымат берди.

151373
Чавушоглу кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Даниянын тышкы иштер министри Мартин Лидегаард, Австриянын тышкы иштер министри Себастьян Курц жана Нидерландиянын тышкы иштер министри Франц Тиммерманс менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Мевлүт Чавушоглу кесиптештери менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө, аймактагы коопсуздук коркунучтары жана актуалдуу маселелер тууралуу маалымат берди.
Министр Чавушоглу айрыкча кесиптештерине Ирак менен Сириядагы коркунучтардын чогуу каралуусу керектигин жана коопсуздук коркунучтары менен күрөшүүнүн бардык элементтерди камтыган стратегияга негизделиши керектигин түшүндүрдү.
Түркиянын аймактакка карата алдыңкы пландарын түшүндүргөн Чавушоглу, Түркиянын көрсөткөн гуманитардык жардамдары тууралуу да кесиптештерин маалыматтандырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар