Йенс Столтенберг Түркияга келет

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркияга сапар жасайт.

150666
Йенс Столтенберг Түркияга келет


Сирия чек арасындагы кырдаал орчундуу боло баштаган мезгилге туш келген сапардын алкагында НАТОнун баш катчысы Анкарада бир канча жолугушууларды өткөрөт.
Йенс Столтенберг бейшемби күнү алгач тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу менен жолугушат. Жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйыны өткөрүлөт.
Андан соң Йенс Столтенбергдин бир канча жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.
Сапардын негизги күн тартибин Сирия чек арасындагы кырдаал түзмөкчү.
Столтенберг: «НАТОнун мүчөсү Түркиянын чек араларын коргоо негизги жоопкерчилигибиз»,- деп айтып Түркияга колдоо көрсөтө тургандарын билдирген болчу.
НАТОнун баш катчысынын Түркиядан жума күнү кайтып кетүүсү күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар