Түркиянын кеңештерине кулак салбаган батыш өлкөлөрүнүн өкүнүчү

Чавушоглу АКШ башында турган өлкөлөр Сирия жана Ирак темасында Түркиянын кеңештерин угушпай, эми болсо өкүнүп жатышкандарын билдирди.

147716
Түркиянын кеңештерине кулак салбаган батыш өлкөлөрүнүн өкүнүчү

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Сирияда Асад режими уланган сайын хаос жана зулумдуктун да токтобой турганын айтты.
Чавушоглу АКШ башында турган өлкөлөр Сирия жана Ирак темасында Түркиянын кеңештерин угушпай эми болсо «Өкүнүчтүүбүз, Түркиянын сунуштарын укпаган үчүн ушул абалга келдик деп жатышат», деген сөздөрдү айтты.
Түркиянын аймактагы тышкы саясатында өзгөрүү болбогонун баса белгилеген Чавушоглу, 4 жылдан бери АКШ баш болгон бүткүл дүйнөгө террор менен күрөшүүдө эмнелер жасалышы керектигин түшүндүргөндөрүн, бирок айрым өлкөлөрдүн муну түшүнө албагандарын баса белгиледи.
Чавушоглу, Сирия жана Ирактагы абалды жана аянтты эң жакшы битлген, байкаган өлкө катары Түркиянын аймактын ырааттуулугу, коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн кайсы каталардын кетилбеши керектигин дайыма бөлүшкөнүн белгилеп өттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар