Давутоглу Стамбулда кээ бир лидерлер менен жолугушту

Давутоглу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен да жолугушту.

143783
Давутоглу Стамбулда кээ бир лидерлер менен жолугушту

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Стамбулда Дүйнөлүк экономикалык форумга катышкан кээ бир лидерлер менен жолугушту.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Долмабахче сарайында алгач Ирактын күрт аймактык башкаруусунун премьер-министри Начирван Барзани менен жолугушту. Жолугушуу болжол менен 1 саатка созулду.
Давутоглу Стамбулда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен да жолугушту. Жолугушуу жабык эшик артында өттү.
Ахмет Давутоглу кечинде Дүйнөлүк экономикалык форум программасына катышып сөз сүйлөйт.
Европа Биримдиги комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу менен да жолугуша турган Давутоглу андан кийин сый кечеге катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар