Мындан кийинки процесс башка болот

Президент Эрдоган өлкөгө кайтып келди

141054
Мындан кийинки процесс башка болот

АКШда БУУнун жалпы кеңешинин жыйынына катышкан президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ өлкөгө кайтып келди.
Стамбул Ататүрк аэропортунда малымат берген Эрдоган Түркиянын акыркы 4 жылдан бери Сирия жана Ирактагы абалдарга көңүл бурганын, бирок дүйнөнүн болуп жаткандарга көңүл бурбаганын айтты.
Эрдоган Түркиянын ИШИМ менен күрөшүүдөгү ролу тууралуу «49 башкы консулдук кызматкерибиз барымтага алынган эле, азыркы учурда албетте позициябыз өзгөрдү. Мындан кийинки процесс башка болот»,- деди.
2 – октябрда документтин парламентте караларын белгилеген президент : «Документ өткөндөн кийин ошого жараша кадамдарды таштайбыз»,- деди. Барымта окуяларын дагы бир жолу жашабоо жана бир тараптан да чек араны коопсуздукка алуу үчүн ташталуусу керек болгон кадамдарда 3 теманын абдан чоң мааниге ээ экенин баса белгилеген Эрдоган : «Бирөөсү учууга тыюу салынган аймактын жарыялануусу жана бул учууга тыюу салынган аймактын коопсуздук астына алынуусу. Экинчиси ишенимдүү бир аймактын Сирия тарабынан курулушу, үчүнчүсү да билим бер – камсызда методу менен бул жерде бул процессти кимдер менен кандайча башкарабыз, булардын баарын сүйлөшүүбүз керек»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар