Эрдоган БУУда маанилүү маалыматтарды берди

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн президент Эрдогандын күн тартибинде аймактагы маселелер бар эле.

137995
Эрдоган БУУда маанилүү маалыматтарды берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 69-сессиясында жана андагы «Чет өлкөлүк согушкерлер менен күрөшүү» отурумунда дүйнө жүзүнө маанилүү маалыматтарды берди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн президент Эрдогандын күн тартибинде аймактагы маселелер бар эле.
Иракта болуп жаткан кризистин Түркия баштаган бүтүндөй аймак өлкөлөрүнө түздөн-түз таасир тийгизгенин белгилеп, Сирия маселесинин да ошондой эле түрдө чек арадан аша баштаганын айтты.
Палестинада жарым кылымдан бери уланып жаткан маселенин аймактагы бир топ маселенин негизги булагы болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Соккуга үн катпай турган болсок Бириккен Улуттар Уюму эмне үчүн бар?»,-деген суроо узатты.
Президент Эрдоган аймактагы кыргындарга жана соккуларга үн катпай калгандардын да адамзаттык кылмышына ортоктош болгонун баса белгиледи.
Сөз сүйлөөсүндө террор темасына да токтолгон Эрдоган, Эл аралык жамааттын маселелерге кош стандарт менен кароосунун террорду багып жатканын да белгилеп өттү.
БУУнун Башкы ассамблеясынын артынан «Чет өлкөлүк согушкерлер менен күрөшүү» отурумунда сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, ИШИМдин колу канкор террор уюму болгонун баса белгиледи.
Эрдоган: «Террор менен күрөшүү улуттук кызыкчылыктарыбыздын талабы болгон ар түрдүү кадам, аймактык ырааттуулук жана адамзаттыктын талаптары эске алынып аткарылат»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар