Давутоглу Азербайжанга барат

Давутоглу Азербайжанга сапары убагында президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынат.

130740
Давутоглу Азербайжанга барат

Премьер-министр Ахмет Давутоглу чет өлкөгө экинчи сапарын дос жана боордош өлкө Азербайжанга жасайт.
Түрк министр бүгүн кечинде Бакуга барат, жолугушууларын болсо эртең баштайт.

Давутоглу, дүйнөнүн эң кеңири жаратылыш газ долбоорлорунун бири болгон Түштүк газ коридорунун пайдубалын түптөө аземине да катышат. Бул долбоор менен Азербайжандын Шах дениз бассейнинен чыгарылган жаратылыш газ Түркия аркылуу Европага жеткирилет.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Азербайжанда президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынат. Давутоглун сапары убагында энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Танер Йылдыз да коштоп жүрөт. Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер менен орток энергетика долбоорлору каралат.

Премьер-министр Ахмет Давутоглунун сапары эки күнгө созулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар