Ахмет Давутоглу журналисттер менен жолукту

Ахмет Давутоглу журналисттер менен ар түрдүү темаларды талкуулады.

124854
Ахмет Давутоглу журналисттер менен жолукту

Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу айрым гезиттердин башкы редакторлору менен кечээ Стамбулда жолугушуу өткөрдү.
Долмабахчедеги Премьер-министрликтин кызматтык кеңсесинде массалык мааламыт каражаттарына жабык өткөн жыйынга вице-премьер Ялчын Акдоган, улуттук билим берүү министри Наби Авжы менен Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчи орун басары Бешир Аталай да катышты.
Орто эсеп менен 2,5 саатка созулган жолугушууда премьер-министрдин гезиттин башкы редакторлору менен террордун соңуна чыгарылышы боюнча жүргүзүлгөн чечим табуу процессинен баштап, сөз эркиндигинин кеңири колдонулуусу, экономикалык секириктер, жаңы конституция менен Жакынкы Чыгыштагы Түркияга таасир тийгизген абалдарды карап чыккандары маалым болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар