50 палестиналык жаралуу Түркияга алып келинет

Муеззиноглу 52 палестиналык жаралуунун дарылануусунун улантылып жатканын билдирди

123521
50 палестиналык жаралуу Түркияга алып келинет

Саламаттыкты сактоо министри Мехмет Мүеззиноглу Израиль кол салууларында жараланган 50 палестиналыктын дарылануусу үчүн Түркияга алып келинерин айтты. Мүеззиноглу Стамбулда Мармара университетинин Пендик билим берүү жана иликтөө ооруканасында дарыланып жаткан газалык жаралууларды зыярат кылды.
50 палестиналык оорулуу менен 49 багуучусунун Измирде дарылануу үчүн келерки жумада Түркияга алып келинерин белгилеген Муеззиноглу азыркы учурда Анкарада, Афьондо жана Стамбулда болуу менен 52 палестиналык оорулуунун дарылануусунун улантылып жатканын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар