Эрдоган Азербайжандан Кардиффке өттү

Эрдоган Кардиффте бир топ жолугушууларды өткөрмөкчү.

113213
Эрдоган Азербайжандан Кардиффке өттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган өлкө тышына экинчи сапарын Азербайжанга жасады.
Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугуп, эки лидердин күн тартибинде аймактык темалар менен энергетика тармагындагы кадамдар бар эле.
Президент Эрдоган биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында, «Бир туугандардын күчкө ээ болушу келечекке үмүт менен карообузду камсыздайт»,-деди.
Азербайжандагы жолугушууларынан кийин Улуу Британияда өтө турган НАТОнун саммитине катышуу үчүн Кардиффке кеткен президент Эрдоган, саммиттин биринчи эле күнүндө кезеги менен Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили, Украинанын мамлекет башчысы Петр Порошенко, Больгариянын президенти Росен Плевнелиев, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Брей жана Уэльстин принци Чарльз менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
НАТОнун саммити убагында президент Эрдоганды улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу коштоп жүрөт.
Президентке НАТОнун саммитинин алдында мейманканада брифинг берилет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар