«Жаш жүргүнчүлөр поезди» экинчи жүргүнчүлүгүнө чыгат

Жаштардын саякаты 17 – сентябрь күнү Эдирнеде аяктайт

112994
«Жаш жүргүнчүлөр поезди» экинчи жүргүнчүлүгүнө чыгат

Жаштык жана спорт министрлиги турмушка ашырган «Жаш жүргүнчүлөр поезди» проектисинин алкагында уюштурулган 9 өлкөнү камтыган экинчи саякат 5 – сентябрда башталат. Министрликтен берилген маалыматка караганда долбоор менен жаштардын темир жолу менен өткөн күндө Осмон империясынын аймагына кирген өлкөлөрдүн тарыхый нарктарын жана табигый кооздуктарын көрүүлөрү максат кылынууда.
Тарых аң – сезимин жана жоопкерчилигин билген жаш муундардын тарбиялануусу үчүн даярдалган проектинин биринчиси 22 – август - 3 - сентябрь күндөрү 118 эркек окуучунун катышуусу менен ишке ашкан.
Университетте окуган жана бүтүргөндөрдү конок кыла турган «Жаш жүргүнчүлөр поездинин» экинчи жүргүнчүлөрү жаш кыздардан турат. Долбоордун экинчисинде 118 кыз, 5 – сентябрь жума күнү саат 12:30да Эдирне поезд бекетинен узатылат. Жаштардын саякаты 17 – сентябрь күнү Эдирнеде аяктайт. Поезд белгиленген багыттын негизинде Бухарест, Будапешт, Вена, Загреб, Сараево, Бельград, Скопия, Приштине менен Салоники шаарларын зыярат кылышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар