Түркия Израилди айыптады

Израиль Батыш Шериадан чоң жерди өзүнө каратып алуу чечимин жарыялады.

111927
Түркия Израилди айыптады

Түркия, Израилдин Батыш Шериадан кеңири бир аянтты алып коюу токтомун айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин жарыясында, бул чыгарылган чечим менен ок атпоо жана туруктуу тынчтыкка терс чагылышуулары боло турганына көңүл бурулду.
Анда,«Израилдин, Батыш Шериада Палестинанын айылдарына таандык кеңири аянтка жаңы мыйзамсыз жайгашуу кыймылын кылууга карай каратып алуу токтомун айыптайбыз»,деп айтылды.
«Батыш Шериада акыркы отуз жылдагы эң чоң өлчөмдөгү аянтты каратып алуу киришүүсү болгону түшүнүктүү болгон бул токтом, бул өлкөнүн басып алуу астындагы Палестина жерлериндеги эл аралык укукка терс ишке ашырууларын дагы бир жолу көз алдыга жайды», деген сөздөр орун алды.
Анда, «Израиль менен Палестинанын ортосунда көпкө созулган аракеттердин жыйынтыгында Газада камсыздалган ок атпоого терс чалыгуулары болушу мүмкүн. Туруктуу тынчтык жана эки мамлекеттүү чечим табуу платформасын буза турган кадамдардан алыс турулушу зарылдык. Ушул алкакта Израилдин эл аралык укуктан келип чыккан милдеттерине баш ийип, бул токтомдон баш тартуусун күтүүдөбүз», деп айтылды.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар