Тыңшоо боюнча кризис биргелеше чечилет

Эфкан Ала Германяинын ички иштер министри менен жолугушуусунда Түркиянын тынчсыздануусун дагы бир жолу сөз кылды.

109516
Тыңшоо боюнча кризис биргелеше чечилет

Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы менен Германиянын чалгындоо кызматы эки өлкөнүн ортосунда болуп жаткан «тыңшоо» кризисин чогуу изилдейт.
Ички иштер министри Эфкан Ала Германяинын ички иштер министри менен жолугушуусунда Түркиянын тынчсыздануусун дагы бир жолу сөз кылды.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык темаларында пикир алмашкан Эфкан Ала, «Өлкөбүзгө карай телефондогу сүйлөшүүлөрдү тыңшоо кабыл алынгыс экендигин конок министрге билдирдим. Бул маселенин чечилиши үчүн улуттук чалгындоо кызматы менен Германиянын чалгындоо кызматынын жооптуларынын жолугушуулары жана биргелеше иш алпарууларына чечим чыгарылды»,-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар