22 палестиналык Түркияда
Жаралуулардын көпчүлүгү балдар менен аялдар
Израилдин Газага жасаган кол салуусунда жараланган 22 палестиналык Түркияда...
Палестиналык жаралуулар түрк аба күчтөрүнө таандык учак менен Афьонкарахисардагы аскердик аэропортко алып келинди. Жаралууларга биринчи жардам аэропортто курулган 2 көчүп жүрүүчү ооруканада берилди. 33 жаралуудан 29зу Афьон мамлекеттик ооруканасына жиберилген. Калган 4 жаралуу болсо саламаттыкты сактоо министрлигинин жолдомосу менен Анкарага жиберилди. Афьон мамлекеттик ооруканасына алып барылган жаралуулардын көпчүлүгү балдар менен аялдар. Келген жаралууларды оорукана алдында гуманитардык жардам фондунун ыктыярдууларынан турган бир группа тарабынан тосуп алды. Ооруканада ар бир оорулуу жана жардамчысы үчүн бир бөлмө берилди. Оорулууларга жана жакындарына айрыкча муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн социалдык жардамдашуу жана кеңешүү фондунан жардам берилет.
Тектеш кабарлар
Министр Уралоглу Германияда Өнүгүү жолу долбоорун түшүндүрөт
Эл аралык транспорт форуму (ITF) саммити 22-23-майда Германиянын Лейпциг шаарында өтөт.