Эрдоган палестиналык жаралуулар менен жолугушту
Эрдоган палестиналыктар дарыланып жаткан ооруканага барып саламаттык абалдары туурасында маалымат алды.
102138
12-президент болуп шайланган премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган, Газадан алынып келинип Йенимахалледеги мамлекеттик ооруканада дарыланып жатышкан жаралуулар менен жолугушту.
Иш-чараларын бир күн бою кызмат орунунда уланткан премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган Йенимахалле мамлекеттик ооруканасына барды.
Эрдоган ооруканада саламаттык сактоо министри Мехмет Мүеззиноглу тарабынан тосулуп алынды.
Премьер-министр Эрдоган бул жерде Израилдин Газага кол салууларында жаралган жана Түркияда дарыланып жатышкан палестиналыктар менен жолугушуп, саламаттык абалдары туурасында маалымат алды.
Йенимахалле мамлекеттик ооруканасында бешөө бала 15 газалык дарыланып жатат.