Эрдоган балкондон элге кайрылды

Эрдоган Чанкая менен улуттун арасындагы тоскоолдуктар жоюлганын айтты.

87316
Эрдоган балкондон элге кайрылды

«Түркия жана улутубуздун атынан куттуу Фатиханы б.а.куттуу ачылышты бирге аткаруудабыз».
12-президент Режеп Таййип Эрдоган салттык балкондогу сөз сүйлөөсүн бул сөздөр менен баштады.
Эрдоган Чанкая менен улуттун арасындагы тоскоолдуктар жоюлганын айтты.
Жаңы мезгилге байланыштуу маанилүү белгилерди да берген Эрдоган, «Бүгүн таарынычтарды унутуу күнү»,-деди.
12-президент Эрдоган шайлоолордо жеңилген эч ким болбогонун баса белгиледи.
«77 миллиондун ар бир жаранынын ичинде бул шайлоодо жеңилген эч ким жок»,-деген Эрдоган, «Улутубуздун ичинде бул шайлоодо жеңилген эч ким жок. Жеңилген болсо да статус-кво жеңилди. Албетте көзөмөлдүк бүгүн эң чоң жеңилүүгө учурады. Албетте кирдүү саясат жана саясаттан тышкаркы күч борборлору бүгүн үлгүлүү сабак алышты»,-деп айтты.
Эрдоган сөзүндө Газадагы жаралуулардын Түркияга келе турганынын сүйүнчүсүн берди.
Эрдоган: «Газадагы жаралуу туугандарыбызды Түркияга өткөрө баштайбыз, буюрса бул жердеги ооруканаларыбызда аларды дарылай баштайбыз»,-деди.
Режеп Таййип Эрдоган шайлоо процессинде өзүн колдогон искусство чеберлерине да ырахматын айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар