Түркия калкы президентин шайлайт

Түркияда бүгүн президенттик шайлоодо 52 миллион 894 миң 115 шайлоочу, 165 миң 108 үкөктө добуш берет.

85211
Түркия калкы президентин шайлайт

Президент алгач ирет элдин добуш берүүсү менен шайланат.
Түркияда бүгүн президенттик шайлоодо 52 миллион 894 миң 115 шайлоочу, 165 миң 108 үкөктө добуш берет.
 Шайлоодо Адилеттик жана өнүгүү партиясынын талапкери премьер – министр Режеп Таййип Эрдоган, Жумурият элдик партиясы менен Улуттук кыймыл партиясынын биргелеше көрсөткөн талапкери Экмеледдин Ихсаноглу жана Элдик демократ партиянын талапкери Селахаттин Демирташ ат салышат.
Бул шайлоодо алгач ирет добуш берүү бюллетининде талапкерлердин сүрөттөрү орун алат. Жогорку шайлоо комиссиясында тартылган чүчүкулактын натыйжасында биринчи Эрдоган, экинчи Демирташ, үчүнчү Ихсаноглунун сүрөтү орун алды.
Түркияда добуш берүү саат 8:00де башталды жана саат 17:00де аяктайт.
Президенттик шайлоо үчүн чет өлкөдө жашаган түрк жарандарынын да добуш берүүсү уланууда.
Бажыкана капкаларында бүгүн саат 17:00ге дейре добуш бере алышат.
Чет өлкөдөгү жарандар берген жана учактар менен Анкарага алып келинген добуштар, Түркияда добуш берүү аяктаган соң бул жердеги дорбуштар менен кошо саналат.
Президенттиктин убактылуу жыйынтыктары Жогорку шайлоо комиссиясы тарабынан эртең жарыяланат.
Шайлоонун так жыйынтыктарынын жарыялануу күнү 15-август...
Биринчи айлампада добуштардын көпчүлүгүн алган талапкер Түркия Республикасынын 12-президенти болот.
Шайлоо экинчи айлампага калган учурунда чет өлкөдө жана бажыкана капкаларында добуш берүү процедурасы 17-августта башталат. Чет өлкөдө добуш берүү процедурасы 20-августта аяктайт.
Өлкө ичинде шайлоонун экинчи айлампасы үчүн атуулдар 24-август жекшемби күнү шайлоого барат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар