Шайлоодон кийинкиси...

Шайлоо жыйынтыктары белгилүү болушу менен бирге Эрдоган, партиясы жана саясатта кыймылдуу күндөр башталууда.

86336
Шайлоодон кийинкиси...

Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын 12-президенти болду...
Эрдоган расмий болбогон шайлоо жыйынтыктарына караганда элдин добуштары менен шайланган алгачкы президент сыпатына ээ болду.
Шайлоо жыйынтыктары белгилүү болушу менен бирге Эрдоган, партиясы жана саясатта кыймылдуу күндөр башталууда.
Алдыбыздагы күндөрдө боло турган ылдам марафондун кеңириси төмүнкүдөй.
Шайлоо календарына караганда Жогорку шайлоо кеңеши дүйшөмбү күнү убактылуу шайлоо жыйнтыктарын жарыялайт...
Так жыйынтыктар болсо 15-августта жарыяланат.
Жыйынтыктардын расмиятка ээ болушу менен бирге Режеп Таййип Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясы жана ошондой эле саясатта кыймылдуу күндөр башталат.
Президент болуп шайланган премьер-министр жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган эң оболу шайлоо жыйынтыктарына партиясынын жооптуу мекемелеринде баа берет.
Адилеттик жана өнүгүү партиясындагы жетекчилик кызмат орду бошогонунун себебинен кезексиз курултай өткөрүлүп, жаңы жетекчи шайланат.
Режеп Таййип Эрдоган болсо 11-президент Абдуллах Гүлдүн кызмат мөөнөтү аяктай турган 28-августта Түркия Улуу Улуттук Парламентинде ант берет.
Андан соң Чанкая сарайына бара турган Эрдоган кызматты Абдуллах Гүлдөн өткөрүп алат.
Ушуну менен Абдуллах Гүл парламент тарабынан шайланган акыркы президент, Режеп Таййип Эрдоган болсо эл тарабынан шайланган биринчи президент катары тарых барактарында калат.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Чанкая сарайына баргандан кийин эң оболу Адилеттик жана өнүгүү партиясына 62-өкмөттү куруу милдетин тапшырат.
Жаңы өкмөт Парламенттин жалпы кеңешинде ишеним добушун алгандан кийин бул процесс Эрдоган менен Адилеттик жана өнүгүү партиясы үчүн бүтүрүлгөн болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар