Анкарада коопсуздук жыйыны өткөрүлдү

Жыйында Ирактагы абалдар сөз болду

83638
Анкарада коопсуздук жыйыны өткөрүлдү

Анкарада түнкү сааттарда болгон коопсуздук жыйынында Ирактагы абалдар каралды. Премьер – министр Р. Т. Эрдогандын түнү 23 чамаларында Газиантептен Анкарага кайтуусунда премьер – министрликтин расмий турак – жайында өткөрүлгөн «Коопсуздук жыйыны» 1 саат 15 минутага созулду.
Премьер – министр Эрдогандын жетекчилигинде өткөн жыйынга ген штабдын төрагасы армиянын генералы Неждет Өзел, ген штабдын экинчи төрагасы армиянын генералы Яшар Гүлер, жандармериянын командири армиянын генералы Сервет Йөрүк, тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу, премьер – министрликтин кеңешчиси Фахри Касырга жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан катышты. Жыйында Ирак башта болуу менен аймактагы абалдарды карап чыгышты. Бир чамаларында бүткөн жыйындан кийин билдирүү жасалган жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар