Президент Гүлдүн жолугушуулары уланууда

Гүл Чанкая сарайында алгач Эрбакан фондунун төрагасын кабыл алат андан соң Улуттук чалгындоо кызматынын кеңешчиси менен кезектеги жумалык жыйынын өткөрөт.

82695
Президент Гүлдүн жолугушуулары уланууда

Президент Абдуллах Гүлдүн коштошуу сапарлары уланып жатат.

Абдуллах Гүл бүгүн алгач генштабдын төрагасы армия генералы Неждет Өзел менен жолугушту.

Президент Гүл армия генералы Неждет Өзел тарабынан салтанаттуу түрдө тосулуп алынды.

Болжол менен бир саатка созулган жолугушуудан кийин Гүл президенттикке талапкер Селехаттин Демирташ менен жолугушту.

Президент Гүл Чанкая сарайында да алгач Эрбакан фондунун төрагасы Фатих Эрбаканды кабыл алат андан соң Улуттук чалгындоо кызматынын кеңешчиси Хакан Фидан менен кезектеги жумалык жыйынын өткөрөт.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар